Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жѳнүндѳ» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Административдик-процесстик кодекстин жоболорун КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы чечимине шайкеш келтирүү болуп саналат.
Тактап айтканда, КР Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин «, бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет» деген ченемдик жобосу КР Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн