Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Административдик сот Кубан Чороевдин арызын четке какты

12.12.2020 18:31
1131
Административдик сот Кубан Чороевдин арызын четке какты

Административдик сот президенттикке талапкер Кубан Чороевдин БШК тарабынан жарыштан четтетилген арызын канааттандырган жок. Мындай чечим бүгүн кабыл алынды.


Чечим жарыялангандан кийин Кубан Чороев белгилегендей, кагазды (кол коюу барактарын) жараксыз деп табууга болот, ал жалпы суммасы 12 миң сом турат, бирок кол тамга эмес. "Мен мындан аркы иш-аракеттерибиз боюнча юристтер менен кеңешип, мыйзамдуу дагы, саясий дагы чечим кабыл алабыз",- деди ал.


Талапкердин кол коюлган барактары жараксыз деп табылганынын себеби ал баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган.


Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кол тамгалары жараксыз деп табылган Кубанычбек Токтосунов дагы жарыштан четтетилди. Азырынча 18 адам президенттик шайлоо үчүн күрөштү улантышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн