Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Административдик сот Сооронкулованын Жапаров мыйзамсыз катталды деген арызын четке какты

18.12.2020 17:03
2570
Административдик сот Сооронкулованын Жапаров мыйзамсыз катталды деген арызын четке какты


Бишкек административдик соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын БШКга карата доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Рита Карасартова 24.kg агенттигине билдирди.


Анын айтымында, сот шайлоо комиссиясынын аракеттерин (Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттоо) мыйзамдуу деп тапты.


"14-ноябрда болжолдуу түрдө Садыр Жапаров президенттик шайлоого барууну чечкенде, ал кызматтан кетем деп оозеки айткан. Президенттин милдетин аткаруу боюнча  Талант Мамытов сунушту оозеки кабыл алган, дагы деле болсо расмий документтер жок. Көрсө, Садыр Жапаров мамлекеттик коопсуздук жана башка артыкчылыктарга ээ болуп турат. Ал кызматынан убактылуу баш тартты. Сот ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү баарына белгилүү болгонун айтты, бул тууралуу бардык ЖМКлар жазышты ”, - деди Рита Карасартова.


Ал белгилегендей, Клара Сооронкулова Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимин Жогорку Сотко даттанат.


Буга чейин Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду шайлоодо каттоодон өткөрбөшү керек болчу. Анткени ал кызматтан расмий түрдө кеткен  эмес жана  президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик укуктарын убакытлуу токтотту, бирок мыйзам боюнча ал кызматтан кетиши керек болчу деген пикирин билдирген.


БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова, тескерисинче, талапкер көрсөтүлгөн учурда Садыр Жапаров кызматтан кетти жана  Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик укугун мыйзамда белгиленгендей токтотуп койду деп эсептейт.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Клара БШКнын бийлик айтканын кылган а мыйзамду уруп ойнобогонун билесиз го.