Бүгүн борбор калаанын айрым жерлеринде суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 27-октябрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт:
- Ч. Айтматов проспектиси – Айни көчөсү – Водопроводная көчөсү – Сухомлинов көчөсү – Водопроводная көчөсү – Целинная көчөсү – Политехническая көчөсү – Таш-Көмүр көчөсү.
- Эски аэропорттун аймагы, Ак-Кеме мейманканасы.
Суу берүү диаметри 300 мм болгон магистралдык суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Бишкек мэриясы жарандардан ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн