Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Жактоочу: Атамбаевди №1 тергөө абагына которгону жатышат

02.09.2020 15:02
941
Жактоочу: Атамбаевди №1 тергөө абагына которгону жатышат

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына  жазды.

Адвокат мыйзам боюнча мурдагы президент жок дегенде УКМКнын тергөө абагында кармалышы керектигин айтып,  Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу аракетин туура эмес деп баалады.  

Эске салсак, быйыл июнда Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарылып, ага тиешеси бар делген  Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле, анын  мүлкү конфискацияланып,  мамлекеттик сыйлыктары алынган.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн