Бугу 10, 2024
Убакыт: 19:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Адвокат: Экс-президент менен эртең жолугабыз

02.02.2021 11:46
1026
Адвокат: Экс-президент менен эртең жолугабыз


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 3-февраль күнү өзүнүн адвокаты Жыргалбек Бабаев менен жолугушат. Бул тууралуу адвокат өзү Vesti.kg сайтына билдирди.


Адвокаттын айтымында, Октябрь окуясында жабыркагандардын арызы Ички иштер министрлигине жана УКМКга жөнөтүлгөндүгүн ал дагы, Жээнбеков дагы билген эмес.


"Мен алардын арызы буга чейин укук коргоо органдарына жөнөтүлгөнүн билген эмесмин. Мындан аркы аракеттерди талкуулоо үчүн экс-президент менен байланышышым керек. Эртең жолугуп, аны менен сүйлөшөбүз" , - деди адвокат.


Адвокат Бабаев Жээнбеков менен жолуккандан кийин толук жооп берүүгө убада кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн