Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Адвокат: Орхан Инандынын жубайына “чоңдор” баары жакшы болот деп келишти

06.07.2021 12:25
829
Адвокат: Орхан Инандынын жубайына “чоңдор” баары жакшы болот деп келишти


Кыргызстанда бир айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз деп изделип жаткан Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы аркылуу Түркияга жеткени маалым болду. Аны Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү да ырастады. Буга чейин Орхан Инандын тарапташтары да ушул сыяктуу шектенүүлөрүн билдиришкен эле. Бирок ал чек арадан чыгарылбаганы тууралуу тиешелүү мекемелердин билдирүүлөрүндө айтылып келди.


Би-Би-Си бул иш боюнча иш алып барып жаткан адвокат Таалайгүл Токтакунованы кепке тартты.


Би-Би-Си: Кыргызстанда дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды Түркиядан табылды деген кабарды жактоочу катары сиз кандай кабыл алдыңыз?


Т. Токтакунова: Биздин өлкөнүн алсыздыгы. Биздин жаранды кантип биздин чек арадан алып кеткенин билбей олтурабыз. Биздин Баш мыйзамдын нормаларын сактабайбыз. Өзүбүздүн Конституцияда берилген гарантия бар. Адамдын өмүрүн эч нерсеге салыштырганга да болбойт. Кыргыздын байлыгы кыргыздын кен-байлыгы эмес, ал эли, өзүнүн жарандары. Өзүбүздүн жаранды отуз беш күндөн бери таштандыдан издеп жүрөбүз. Бул мамлекетибиздин алсыздыгы. Юрист катары мага биринчи ушундай ой келди.


Би-Би-Си: Сиздердин мындан аркы иш-аракеттериңиздер, кадамдарыныздар кандай болот?


Т. Токтакунова:  Азыр Башкы прокуратурага арыз даярдап жатам. Тиешелүү иштер козголуп, каралып башташы керек. Коопсуздук кеңешине кайрылып жатам. Тышкы иштер министрлиги аркылуу эл аралык  келишимдер болобу, эл аралык укук боюнчабы, өз жараныбызды кайрадан укуктун негизинде сөзсүз алып келиш керек деген талап менен кайрылып жата


Би-Би-Си: Ушул аракеттериңизден кандайдыр бир жыйынтык чыгат деп ишенесизби?


Т. Токтакунова: Укуктук өлкөдө чыгып жатабыз го... Үмүт болбосо да укуктун алкагында болушу керек. Үмүтүм жок болсо да жазышым керек. Талап кылышыбыз керек. Анткени биздикилер көнүп алды. Биз “үмүт жок, мейли” деп олтурганыбызды алсыздыктын белгиси деп ойлойт болуш керек. Талап кылбасак бизге үмүттү ким берет? 


Би-Би-Си: Бир топ кайчы пикирлерди, дооматтарды айтып жатасыз. Ошол эле учурда кыргыз бийлиги, ал тургай президент Садыр Жапаров өзү баштап, бул ишти абдан кылдат карап, болушунча издегенге болгон күчтү жумшай турганын убада кылды эле. Жыйынтыгы кандай болду?


Т. Токтакунова: Президент “эң жакшы кызматкерлер жумшалды” деди. Биз ишенип олтурдук. Бизде жаңы жабдуулары бар эң кыйын кызматкерлер кимдер? Бул УКМК. Чек араны өтүү эрежесин бузуп алып кетиши мүмкүн деп айтып жатпайбызбы. Биринчи коопсуздук маселеси пайда болуп жатат да. Башка эле мамлекет биздин жаранды алып кеткени мамлекеттин коопсуздугу деген маселе да. Туурабы? Биз ошону УКМК көзөмөлдөп, иштеп жатат болуш керек дедик. УКМК издөөгө катышкан жок деп расмий кат алдык. Президент 100 кишиби же 1000 кишиби издеп жатат деди. Бишкек милициясы өзү эле 1000 киши болсо керек.


Би-Би-Си: Окуя ушундай уланат, тагыраак айтканда Орхан Инанды Түркиядан табылат деп күттүңүздөр беле?


Т. Токтакунова:  Мурда Түркияда болуп жаткан практика боюнча чындыгында бир айдын ичинде башка өлкөдө жок болуп кеткен жарандар Түркияда табылып, жанагы эки желектин ортосунда сүрөтү чыгып жаткан деп Түркиядагы билген кишилердин бардыгы айтып жаткан. Билесиз, Гүлендин жээни деп Кениядан катардагы эле мугалим жоголгон. Ал дагы туура бир айдан кийин эки желектин ортосуна сүрөтү чыгып, Түркияда табылган. Чындыгында ушундай версияларды бардыгы айтып жатышты. “Негизи акыркы 2-3 жылдан бери практика ушундай болуп жатат, соңку жарым жылдан бери ушундайлар көбөйдү” деп жатышкан. Бирок, Рейхан Инанды айым аны уккусу келген жок. Анткени, биздин кадыр барктуу чиновниктер Рейхан айым менен жолугушуп, “сиз эч капа болбоңуз, кыжаалат болбоңуз, көп чыр чыгара бербеңиз. Бул деген биздин жаран, биз үчүн абдан сыйлуу адам. Ошондуктан башка мамлекеттегидей болбойт, бир аз күтө туруңуз, жакшы чечилет. Жактоочунузга да айтыңыз” деп келишти. Рейхан айым аларга ишенди.


Би-Би-Си: Ошондой үмүт берип жаткан адамдар окумуштуулар, коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар беле же мамлекеттик жогорку кызматкерлер беле?


Т. Токтакунова:  Жок, мамлекеттик жогорку кызматкерлер. Азыр эми аттарын атап айтканга болбойт. Биз “ишенбеңиз, такыр эле унчукпай койгонго болбойт” деп чырылдап майда-барат аракетибизди кылып жаттык. Алар иш бөлмөлөрүнө чакырып, бир аз эле убакыт керек деп чоң үмүт берип жатышты.  


Булак: Би-Би-Си

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн