Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аэропортто аткезчилик менен 17 кг алтын алып өтүүгө аракет кылган аял кармалды

10.02.2021 10:05
1483
Аэропортто аткезчилик менен 17 кг алтын алып өтүүгө аракет кылган аял кармалды

 УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тышкы экономикалык иш-аракеттер чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында, баалуу металлдарды Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


 2021-жылдын 9-февралында чет мамлекеттен учуп келген 1981-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Т.Л., “Манас” эл аралык аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан бажы зонасынан өтпөй жатып, кармалган. 

Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 кгдан жогору, баасы 53 миллион сомдон ашык алтын буюмдар табылды.


Учурда сотко чейинки процесстин алкагында тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн