Асылбек Жээнбеков март айында умрага барган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
Ал Асылбек Жээнбеков аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, март айында Сауд Аравиясында болгонун четке какканын айтты.
“Ал Сауд Аравиясына барган эмес жана 20-мартта келген эмес. Мындан улам Сауд Аравиясынан келген каттамды кимдир бирөө текшертпей өткөрүп жиберген деп парламентте айтылган маалыматты жакшылап текшериш керек”, - деди Зулпукаров.
Бүгүнкү жыйында депутат Ирина Карамушкина Сауд Аравиясынан келген каттам Кыргызстандын аймагына коронавирус илдетин алып келгенин, кимдин айынан жүргүнчүлөр текшерүүдөн өткөрүлбөй жана обсервацияга жаткырылбай үйлөрүнө жиберилгенин сураган болчу.
Ал мындан сырткары жүргүнчүлөрдүн арасында депутаттар болгонбу деп суроо узатып, алардын арасында Асылбек Жээнбековдун бар жогуна кызыккан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн