Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аэропорттун унаа токтотуу жайында 15 мүнөттүк акысыз төлөм алынган үчүн эскертүү берилди

16.07.2021 10:21
1771
Аэропорттун унаа токтотуу жайында 15 мүнөттүк акысыз төлөм алынган үчүн эскертүү берилди

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Компания Манас Менеджмент" жабык акционердик коомуна монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттарында 2021-жылдын 20-июлунан тартып, "Манас" аэропортунун бекетинде токтоочу жайда 15 мүнөт бекер тургандыгы жокко чыгарылат деген маалымат пайда болгон.


Мамлекеттик агенттик бул маселени изилдөөнүн жүрүшүндө, "Компания Манас Менеджмент" ЖАКтын пландаштырылган иш-аракетинде, рынокто үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин аныктады.


Ушуга байланыштуу, КР "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Компания Манас Менеджмент" ЖАКка Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууларга алып келиши мүмкүн болгон аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн