19-сентябрь түнү Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда мотоцикл айдоочулары жарыш уюштурган.
Натыйжада мотоцикл айдаган айдоочу жергиликтүү аялды жөө өтмөктө сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерде аял көз жумган.
Мындан улам жергиликтүү эл бир сааттан ашык убакыт жолду бууп койгон.
Ал эми аялды сүзгөн 1992-жылы төрөлгөн Н.Ф. аттуу айдоочу Сокулук райондук милициясы тарабынан кармалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн