"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо аялды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту кабыл алганын Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Облустук сотто өткөн териштирүүдө сот айыпталуучунун туруктуу жашоочу жайы бар экенин, жакында ал ымыркайлуу болгонун эске алган. Мындан сырткары, анын кароосунда кары адамдар бар.
Ал сот жоопкерчилигинен, тергөөдөн качпайт, окуя болгон жерден да кетип калган эмес. Буга байланыштуу аны үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн