Афганистанда "Талибан" кыймылына багынган адамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү афган армиясынын атайын даярдыктагы бир топ аскерлери талибандарга баш ийип, алардын катарын толуктаган.
"Талибан" кыймылынын акыркы билдирүүлөрүнө караганда, алар Афганистандын 80 пайыз аймагын көзөмөлгө алган. Бийлик болсо расмий Кабулду жана анын айланасындагы райондорду гана башкарууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн