Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Афган согушунун, Баткен окуясынын катышуусучу генерал, Куралдуу күчтөрүнүн ардагери менен маек

30.05.2020 11:29
1507
Афган согушунун, Баткен окуясынын катышуусучу генерал, Куралдуу күчтөрүнүн ардагери менен маек


Кыргызстанда Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын мурдагы кол башчысы, Афган согушунун жана Баткен окуясынын катышуучусу генерал-майор Аширбек Бакаев менен болгон маекти сунуштайбыз.


- Аширбек Бакаевич, жыл сайын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгү катары 29-май күнү белгиленип келет. ИИМдин тутумунда да, Куралдуу күчтөрдүн курамына да кирген аскердик түзүлүштөр бар эмеспи. Сиз катардагы жоокерден генерал наамына чейин ардактуу жолду баскан, ички аскерлеринде 41 жылдан ашуун кызмат өтөп, Ата Мекен коргоочуларына татыктуу үлгү болдуңуз. Айтып берсеңиз сиз кантип ИИМде аскер кызматкери болуп калдыңыз?

- Ооба, ар бир жаран Ата Мекендин коргоочусу болууга милдеттүү, бирок бардыгы эле жоокер болууга кайраты жетпейт. Ички аскерлер – азыркы ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы, тынчтык убагында да курал менен күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, Конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоп, мамлекетибиздин коомдук коопсуздугун камсыздашат. Стратегиялык маанидеги мекеме-чарбаларды ишенимдүү кайтарышат. Ал эми аскер кооптулук учурунда аймактык коргоого жана кырдаалга жараша тышкы агрессияны кайтарууга аттанышат. Ал эми аскер кызматчысы болууга мен ой жүгүртүү жана физикалык жактан мектепте окуучулук кезимде даярдангам. Мектепти аяктагандан кийин Владикавказдагы Кызыл ордендүү аскер-командалык ИИМдин ички аскерлеринин аскер окуу жайына тапшырып, ийгиликтүү аяктагам. Кызматтык тепкичтердин ырааты менен взвод командиринен бригада командири, аскерлердин штабынын башчысы – колбашчынын орун басары, андан кийин ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы болуп 9 жыл кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыккам. Сөз менен айтуу оңой, бирок мындай жолду басууга ар биринин күчү жетпейт. 

- Баарыбызга белгилүү болгондой, сиз аскер-интернационал болуп, Афганистан өлкөсүндө аскердик милдетин аткарып келгенсиз. Бизге жана аскерлердин өздүк курамына кызмат өтөгөндүгүңүз тууралуу кызыктуу болууда, ошого токтоло кетсеңиз?  

- Аскер кызматкери аскердик ант берүү алдында аскердик милдетин аткарууда айткан сөздөрү кылган иши менен дал келиши керектигин түшүнө билет. Муну мен алдын ала түшүнгөм, аткени менин атам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ушандай патриоттук сезимде тарбиялаган. Ошондуктан мен үчүн эң маанилүүсү - канчалык оор жана кооптуу болбосун, мага коюлган тапшырманы ийгиликтүү аткарчумун. Мындай оор жана татаал тапшырмалар мага көп берилчү, аткени жетекчиликке ал тапшырманы чындыгында толугу менен аткара ала турган кишиге берүү керек эмеспи. Бардыгын атап өтөө көп убакытты талап кылат, ошондуктан алардын жыйынтыктарына токтоло кетсем, менин эмгегим Советтик Союзунун аскер колбашчылыгынын бардык сыйлыктарында белгиленген. Биринчилерден болуп СССРдин Жогорку Севетинин Президиумунун Жарлыгы менен “СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Ата Мекенге кызматы үчүн” III даражадагы ордени менен сыйлангам. Мүмкүн ушул үчүн менин башыма жоопкерчиликтүү өзгөчө миссия тапшырылган - СССРдин ички аскерлеринин Жогорку Советинин сунушу менен ЦК КПССтин жоопту органы тарабынан Афганистан революциясын коргоо башкы башкармалыгынын ыкчам жана атайын аскер бөлүктөрүнүн улук аскер кеңешчиси катары жашыруун жөнөтүлгөм, анын мага жүктөлгөн чындык тапшырмаларын бир нече кишилер гана билген, ал тапшырманын аткарылышы жана коопсуздугу менден гана көз каранды болчу. Буга байланыштуу ал өлкөнүн аймагында эркин жүрүүгө, ошондой эле башкы аскер кеңешчиси армиянын генералы В.И.Варенников, АДАнын (ВДВ) штаб командири генерал-майор П.С.Грачев, СССРдин Кабулдагы элчиликтерине жана өкүлчүлүтөрүнө кирип чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Афган аскерлеринин кийимин кийип, мага коюлган тапшырмаларды аткарчумун, ар кандай жерлерде болгом. Ийгиликтүү аткарган тапшырмаларым үчүн Афганистандын жогорку даражадагы орден жана медалдары менен сыйлангам - I даражадагы “Алтын жылдыз” медалы, “СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Ата Мекенге кызмат үчүн” II даражадагы ордени жана ЦК КПССтин Ардак грамотасы.

- 1999-жылы Ата Мекенибизге эл аралык бандиттик топ кол салган учурунда сиз Кыргызстан тарыхындагы биринчи куралдуу салгылашуунун катышуучусу болгонсуз. Баткен окуясындагы баатырдык күндөрдү айтып берсеңиз. 

- Ооба, 1999-жылы Баткен районунун аймагына эл аралык террористтер кирип, мындай оор түйшүк биздин ички аскерлерге түштү. Ок атып көрбөгөн жоокердин, прапорщиктердин жана офицерлердин өмүрүнө гана эмес, жалпы Куралдуу күчтөрдүн аброюна, суверенитеттүү мамлекетибиздин кадыр-баркына тобокелчилик жаратып, тез аранын ичинде курама отряд топтоп, ошол түнү барымтага алынган тургундар жакты көздөй жөнөгөнбүз. Түнкү марш өтүп, Палал-Оо айылынын жанындагы “Тимур” платосун карай көздөдүк. Жыйынтыгында өздүк курам арасында бир дагы жоготууга дуушар болбой, душмандар өлтүрүлгөн жана жаракат кылып, качууга мажбурладык. Ушинтип саны менен басымдуулук кылган күчтөрдүн күн сайын кысымын биздин негизги аскерлер келгиче эки жума туруктуу кармап турдук.

Ошол убакта Фергана өрөөнүндө ФАНО (Фергана, Андижан, Наманган жана Ош облустары) халифатын түзүүгө жолдогон эл аралык террористтер жана экстремисттерге жол берген жокбуз.

Андан кийинки жылдары Жакынкы Чыгыштагы окуялар көрсөткөндөй, Орто Азия аймагында Сириядагы ИГИЛ сыяктуу экстремисттик мамлекетти түзүүгө Кыргызстандагы ИИМдин ички аскерлери мүмкүнчүлүк берген жок деп белгилей кетсе болот, аткени Баткен районундагы биринчи салгылашууну жеңүү жана андан кийин ал террористтерди жок кылуу мамлекетибиздин тарыхында маанилүү орунду ээлейт.

24-август күнү Куралдуу күчтөрдүн уставдарын бекиткен мыйзамга ылайык, ал жерде көрсөтүлгөндөй аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелериниен же аскер түзүлмөлөрүнүн майрамдык күнү айрыкча окуялар күн деп аныкталып, кыргыз өкмөтүнүн токтому менен бекитилип, террористтерди даңктуу жеңишин эскерүү катары, кесиптитик майрам катары белгиленип, ички аскерлер күнү деп бекитилген. Байшкача айтканда, жыл сайын ИИМдин аскерлери бир нече кесипттик майрамдарды белгилесек болот.

- Кыргызстанда Куралдуу күчтөр күнүнө карата биздин аскерлерге кандай калоо-тилектерди айтасыз?

- Ардагерлерди жана бардык аскер кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктайм, аларга бекем ден соолук жана көп жыл жашоосун каалайм. Ал эми азыркы кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине антына бекем болуп, Ата Мекенди коргоодо коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда патриоттук жана жогорку күжүрмөн ийкемдүүлүктү, Кыргызстанда суверендүүлүктү, мамлекеттүүлүгүбүздү мындан ары бекемдөөнү, коомдук-саясий туруктуулукту, экономикалык өнүгүүнү жана элдин өркүндөөсүн каалап кетмекчимин.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн