Учтун айы 16, 2025
Убакыт: 19:01
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды

16.01.2025 16:22
28
Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды


1-апрелден баштап Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.


Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери Афган согушунун катышуучуларына жеңилдиктердин ордуна кенемтелер төлөнүп келген.


"2010-жылдын 1-январынан азыркы учурга чейин кенемтенин өлчөмү жашаган аймакка карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген. Ошондон бери акчалай компенсациянын көлөмү көбөйгөн эмес", — деп айтылат негиздемеде.


Ошондой эле соңку жылдары бардык нерсе кымбаттаганы белгиленген.


Афганстандан совет аскерлеринин чыгарылганынын 35 жылдыгына карата кенемтенин суммасы төмөнкүдөй көтөрүлөт:

- башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына (4 858 адам) 6000 сомдон 8000 сомго көтөрүлөт;

- башка мамлекеттердин аймагындагы согуштарда жаракат алып майып болгондорго (128 адам) 7000 сомдон 10 миң сомго көтөрүлөт;

- каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө (229 бүлө) 1000 сомдон 2000 сомго көтөрүлөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн