Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Афганистанда согушка катышкан жаран кармалды

16.07.2021 11:48
773
Афганистанда согушка катышкан жаран кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-июлунда УКМК тарабынан улантылып жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасында террористтик актыны ишке ашыруу максатында куралдуу чыр чатактардын аймагынан келген Кыргыз Республикасынын жараны "Г.М." ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


Кармалган адам Афганистан аймагында эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды.


КР УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн