Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:06
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Афганистанда Кытай АКШнын ордун басабы?

17.08.2021 11:37
821
Афганистанда Кытай АКШнын ордун басабы?

АКШ аскерлери Афганистандан чыгып кеткенде өлкөдөгү саясий-аскердик тең салмак кандай өзгөрөт деп ой жоруган эл аралык эксперттер ушу тапта бул жактагы окуяларга кылдат көз салып турушат. Учурда Кытайдын дагы Афганистанга кызыгуусу артып турган чак. Чындыгында Кытай көптөн бери эле Афганистандагы экономикалык кызыкчылыктарын аныктап, эсебин чыгарып койгон. Буга чейин Афганистанда Америка Кошмо штаттары үстөмдүк кылып келген соң, Кытай активдүү аракетке өтө элек болчу. Эми орун да бошоду, жол да бошоду. 


Кытай Афганистанды “Бир алкак - бир жол” демилгеси аркылуу өзүнө жакындатууну көздөйт.  


Америкалык “The Daily Beast” маалымат порталы аты жашыруун афган расмийине таянып билдиргендей, Кабул Кытай-Пакистан Экономикалык коридору аттуу 62 миллиард доллардык долбоорго Афганистандын да камтылышын каалайт. Долбоордо авто жолдорду, темир жолдорду жана энергия ташуучу куурларды куруу каралган.


2013-жылы президент Си Цзинпин жар салган “Бир кур, бир жол” демилгеси 2017-жылы Кытай Конституциясына киргизилип, Бээжиндин глобалдык инфраструктуралык өнүгүү фонду аркылуу Кытайды дүйнөнүн туш тарабы менен байланыштыруу максатын көздөйт. Эми бул планга Кабул да тартылууда.


Кытайдын Афганистан боюнча миллиард доллардык долбоору 2049-жылы жыйынтыкталышы керек. Бул – Кытайдын Африкадан Европага чейинки аймакта эбегейсиз кредиттерди сунуштап, бир кезде Батыш тескеп турган жерлерге орношуу саясатынын бир бөлүгү.


Талкууланып жаткан сунуштардын бирине ылайык, Афганистан менен Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаары ортосунда чоң жол куруу каралган.  


Кытайдын инвестициялары Афганистанда көптөгөн жумуш орундарын жаратмак, андыктан башка ири экономикалык программалар жок шартта калк аны кабыл алышы күтүлөт. Кытай Афганистан аркылуу Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Европаны бириктирген борбордук хаб болууну көздөп жатат.


Британдык “Financial Times” гезити жазып чыккандай, бул максаттарга жетүү үчүн Афганистандагы саясий туруктуулукту камсыздоо дагы Кытайдын күн тартибиндеги маселеге айланууда. Өлкө чет мамлекеттерге аскер күчтөрүн жиберүүдө өтө сак болуп келсе дагы, Бириккен Улуттар уюмунун резолюциясы колдосо, Афганистанга тынчтык сактоочу топторун жөнөтүшү ыктымал.


Булак: БИ-БИ-СИ

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн