Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Афганистанда Пакистан армиясы чыгарган октон 9 адам каза болду

31.07.2020 14:52
859
Афганистанда Пакистан армиясы чыгарган октон 9 адам каза болду


Афганистандын Кандагар аймагында Пакистандын армиясы чыгарган октон 9 адам каза болуп, 50 адам жаракат алды. Бул тууралуу Tolo News басылмасы афган күч түзүмүнө көрсөтмө берип жазып чыкты.

 

Маалыматка таянсак, пакистан аскерлери эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан Спин-Болдак аймагына артиллериялык куралдан ок чыгарышкан.


Штабдын жетекчиси, афган армиясынын генералы Ясин Зия пакистан армиясын көздөй жооптук акция көрүүгө даярданууга жана 1893-жылдан бери Дюранд тилкесиндеги аскерлерди күчтөндүрүп, кошумча күчтөрдү жөнөтүнү тапшырган.


Буга чейин, июль айынын ортосунда Пакистандын армиясы Афганистандын чыгышындагы Кунар аймагына минометтор менен атканы айтылган. Анда чабуулдун кесепетинен сегиз адам каза болгон. Расмий Кабул анда Пакистан Афганистанда жаңы көзөмөл-өткөрүү бекеттерди орноткусу келип жатканын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн