Афганистандын түштүгүндө жайгашкан Гильменд аймагындагы мал базардагы жардыруудан 10 адам каза болуп, 15 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басыдлмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, “Талибан” кыймылы орун алган Сангин районунда өз алдынча колго жасалган жарылуучу зат иштеп кеткен.
Ал эми, талибдердин башчысы Забиулла Мужахид бомба иштеп кеткенин четке каккан. Анын айтымында, аскерлер мал базарда минометтук ок чыгарып, натыйжада бир нече жай тургундар каза болуп жана жаракат алышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн