Афганистандын Пактия аймагында унаа жарылып беш адам каза болуп, 19 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бейшемби күнү эртең менен аскер базасынын жанында бомба орнотулган автоунаа жарылган. Анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 19 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын он төртү жай тургундар, ал эми бешөө аскерлер.
Маалыматта учурда жардырууну өлкөдөгү бир дагы террордук топ али моюнуна ала элек экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн