Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Афганистандагы 23 кыргыз жаранынын үчөө эвакуацияланды, - ТИМ

16.08.2021 19:56
733
Афганистандагы 23 кыргыз жаранынын үчөө эвакуацияланды, - ТИМ


Афганистандагы үч кыргыз жараны Кувейтке эвакуацияланып, дагы 20 жаран калды. Бул тууралуу ТИМ өкүлү Арслан Токобаев билдирди.


Анын айтымында, кыргызстандыктарды өлкөдөн алып чыгып кетүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Алар Афганистандан жакынкы үчүнчү өлкөлөр чыгарылат. 


"Биз калган 20 жараныбыз менен тыгыз байланыштабыз. Алардын коопсуздугу сакталууда. Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги шаттык режимде иш алып барууда", - деди Арслан Токобаев.


Эске салсак, Афганистандын бийлиги толугу менен "Талибан" кыймылынын колуна өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн