Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Афганистандагы катуу жер титирөөдөн 280 адам каза болду

22.06.2022 14:47
994
Афганистандагы катуу жер титирөөдөн 280 адам каза болду


Афганистанда катуу жер титирөө катталып, анда кеминде 280 адам каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жазды.

"Афганистандын түштүк-чыгышында катуу жер титиреп, анда кеминде 280 адам каза болуп, 600дөн ашыгы жабыркады. Кырсык таңга жуук элдер уктап жаткан учурда катталган", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп божомолдоодо.

"Жер титирөөнүн очогу Афганистандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарынан болжол менен 44 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөө 500 км аралыктагы чек арада, анын ичинде Пакистан менен Индияда дагы сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн