Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Афганистандан “апийим” ташып келип, сатып жүргөн топтун мүчөсү ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

17.08.2020 17:36
1177
Афганистандан “апийим”  ташып келип, сатып жүргөн топтун мүчөсү ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

 

Афганистандан Кыргызстанга “апийим”  ташып келип, сатып жүргөн топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча кызматкерлери тарабынан  Афганистандан Кыргызстанга  “апийим”  баңгизатын ташып келип, сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында БМЖКККнын кызматкерлери Кадамжай району аркылуу  Баткен облусунун аймагына киргизилип келген жана андан ары сатууга аракет кылып жаткан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалган. Андан  2 килограмм 040 грамм салмактагы “апийим” баңгизаты табылып алынган.


 Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүүлүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн