Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Афганистандын студенттерине 500 виза берсек, Баткендик абитуриенттерге 500 бюджеттик орун берели

18.08.2021 17:36
2412
Афганистандын студенттерине 500 виза берсек, Баткендик абитуриенттерге 500 бюджеттик орун берели


  1. Ооба, биз – Кыргызстан меймандос мамлекетпиз жана кыргызстандыктар кең пейил калк. Улуу ата мекендик согуш убагында кыргызстандыктар согуш жүргөн аймактардан эвакуация болуп келген балдарды сактап калышты, казакстандык боордошторду ачкачылыктан аман алып калышкан, биз жарандык согуш убагында коңшу тажиктерге жардам бердик, бирок азыр социалдык-экономикалык кырдаал Афганистандан качкындарды кабыл алууга мүмкүндүк бербейт.  

Биз атүгүл Памир жергесиндеги кыргыздарды дагы кабыл алдык жана ал идея толук аягына чейин ишке ашпай калды жана биз иш жүзүндө биздин памирлик кыргыздарга берген сөзүбүздү толук түрдө аткарган жокпуз. 
Урматтуу өлкө жетекчилиги, эгерде биз Афганистандык студенттерди 500 виза менен камсыздасак, анда биздин Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрүнө дагы 500 бюджеттик орун бөлүп берүү адилеттик болот, бүгүнкү күнү бул биздин стратегиялык регион болуп саналат. Баткен облусунун жаштары эч болбоду дегенде өлкө деңгээлиндеги алдыңкы жогорку окуу жайларын окуп бүтүрөт жана андан алган көндүмдөрүн, тажрыйбасын жана билимин аймактарды өнүктүрүүгө жумшайт.  
Аларды бюджеттик орундар гана эмес, жатакана жайлары, өзүн өнүктүрүүнүн жана менеджменттин ар түрдүү курстары менен камсыздоо зарыл, биз азыртадан аймактардын жетекчилерин ырааттуулук менен жаш жана чыгармачыл кадрларга алмаштыруу жөнүндө ойлонушубуз керек.  
Ал эми Афганистандык качкындар үчүн үчүнчү өлкөлөргө өткөрүүгө гуманитардык же транзиттик коридор уюштурууга болот. Ошону менен биздин мамлекет эл аралык милдеттенмелерди аткарган болот жана өлкө экономикасына чоң басым түшүрүүнүн алдын алат.

Эмиль Ашымбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн