Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Афроамерикалык Флойддун өлүмү расмий түрдө күч колдонуп өлтүрүлдү деп табылды

02.06.2020 11:53
900
Афроамерикалык Флойддун өлүмү расмий түрдө күч колдонуп өлтүрүлдү деп табылды


Афроамерикалык Жорж Флойд Миннеаполисте полиция тарабынан кармоо учурунда кардиопульмонардук шоктон (жүрөк жана өпкөнүн токтоп калуусу) каза тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, маркумдун үй-бүлөсү тарабынан жалданган көз карандысыз адистер, афроамерикалык адам муунткандан өлгөнүн аныкташкан. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү маалымат жыйында Флойддун жактоочусу Бенжамин Крамп билдирген.

 

Медэкспертиза 46 жаштагы афроамерикалык өлтүрүлгөн деп тапкан. Анын өлүмүнө кардиопульмонардук шок (жүрөк жана өпкөнүн токтоп калуусу), тартип сакчылары тарабынан кармаган учурда жүрөк оорусу өрчүп жана моюнунан баскан учурда абалы оорлошуп кеткени себеп болгону айтылат.


Анализ жургүзгөндөр Флойддон артериосклероздук жана гипертониялык жүрөк оорусун, фенталин апийимдин калдыктары менен метамфетамин баңгизатын колдонгонун аныкташкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн