Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Афроамерикалык Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда башаламан акциялар күчөдү (фото)

31.05.2020 13:39
1028
Афроамерикалык Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда башаламан акциялар күчөдү (фото)


Кара денелүү афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда жүздөгөн нааразы тарап эки күндөн бери Вашингтондогу Ак үйдүн алдына чогулуп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


Алардын маалыматы боюнча, полиция кызматкерлери нааразычылык акциясына чыккан тарапка көздөн жаш азыгуучу баллон каражаттарын колдонушкан.


Митингчилер Миннеаполис шаарында каза болгон Джордж Флойдду колдоо лозунгу менен чыгып, президент Дональд Трампка карата бул абалга көңүл бурбай койгондугуна нааразычылык билдиришти.


Кечээ, 30-майда кечке маал дагы Ак үй алдына чыккан Флойддун жүздөгөн тарапташтарынын нааразычылык акциясы 5 саатка уланды. Демонстранттар президенттин күзөт кызматкерлери тарапка ар кандай буюмдарды ыргытып, темир тосмону оодарууга аракет жасашты. Жашыруун кызматтын кызматкери аларга каршы көздөн жаш агызуучу каражатты колдонуп, чогулгандарды оолактатууга аракет кылды.


Чет элдик маалымат агенттиктери маалымдашкандай, демонстранттардын нааразычылык акциясы бүгүн дагы мамлекет башчынын резиденциясында уланат.


Каршылык акциялары полиция кызматкерлери менен кагылышуу жана башаламандык окуялар менен коштолуп жатат. Кечээки башаламандыкта АКШнын Федералдык күзөт кызматынын бир кызматкери каза болуп, бир катар күзөтчүлөр жаракат алышты. Ал эми митингге чыккандардын ичинен 6 адам камакка алынды”, - деп жазышты эл аралык агенттиктер.


Бул акция Миннеаполисте эле эмес, Лос-Анджелес, Сан-Франциско, Денвер, Нью-Йорк, Индианаполис, Бостон, Детройт жана башка көптөгөн шаарларда өтүп жатат.


Мындай башаламандык 26-майдан бери кара денелүү афроамерикалык Джордж Флойд кармалып, милиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөндөн бери уланууда. Анда полиция кызматкери Флойдду асфалька буту менен кысып, "дем ала албай калдым" деп суранганына карабай тумчуктуруп өлтүргөнү тартылган кадр социалдык түйүндөрдө тарап кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн