Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ага Хан Фонду пандемия күч алган мезгилде аймактардагы 3000 үй-бүлөгө жардам берди

23.10.2020 17:03
717
Ага Хан Фонду пандемия күч алган мезгилде аймактардагы 3000 үй-бүлөгө жардам берди


Ага Хан Фонду пандемия күч алган мезгилде 3000 үй-бүлөгө жардам берди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


- Ага Хан Фонду Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган 3000 үй-бүлөгө 2 миллион сомдон ашык суммадагы санитардык-гигиеналык шаймандардын топтомун алып берди. Ар бир топтомго кол жана кир самындары, кир жуугуч айна, тиш пастасы, кол тазалагыч санитайзер жана аялдык гигиена каражаттары кошулду.

- Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө айылдык ден-соолук комитеттеринин, жергиликтүү бийликтин жана ата-энелердин ресурстук борборлорунун 435 ыктыярчысы жардам берди. Бардык ыктыярчылар жеке коргоо шаймандары менен жабдылган. Ошондой эле бул ыктыярчылар калк арасында ден-соолука байланыштуу туура жана тастыкталган маалымат таратууга активдүү катышуусу үчүн, алар 6 айга интернетке туташтырылган.

- Гуманитардык жардам Канаданын Өкмөтү жана Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун колдоосунун алкагында берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн