Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 11:29
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Ахрор Иминов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп кармалды

11.10.2023 10:17
312
Ахрор Иминов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп кармалды


КР Күрөш федерациясынын вице-президенти Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.


Кармоо КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.


Белгиленгендей, И.А.Х. жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар ишканалардын иш-аракеттерине катышкан, ошондой эле уюм мүчөлөрүнүн жалпы фондуна салык деп аталган (жалпы пайданын болжол менен 30 пайызын) чогултууларга дагы катышкан.


Белгилей кетсек, федерациянын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Хикматиллаевич Иминов болуп саналат.


Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн