Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 14:26
USD
84.70
85.20
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Балдарга тарбиялык сабактарды өтүп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды үйрөтөлү”

07.10.2024 11:30
17
Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Балдарга тарбиялык сабактарды өтүп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды үйрөтөлү”


- Аида айым, кечээ эле ЖМКларда 15 жаштагы өз агасы тарабынан зордукталган 14 жашар кыз төрөгөндүгү тууралуу маалымат тарады. Эмне үчүн кийинки кездерде мындай окуялар көп катталууда? Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз? 


- Илгери союз учурунда “үй-бүлө институту” деген бар болчу. Мектепте кандайдыр бир сааттар бөлүнүп, окуучуларга “ыймандуу бол, улууну урматта, кичүүнү сыйла” деген сыяктуу насааттар айтылчу. Жүрүм-турум эрежелери үйрөтүлчү. Азыр андай сабактар жок. Баарыбыз тиричилик менен эле алек болуп калдык. Ата-энелер эртең менен кетишип, кечинде келишет. “Балдарымды багайын, эч нерседен кем кылбайын” деген ниетте эртеден кечке жумушта жүрүшүп, балдарга жакшы көңүл бурулбай калууда. Ар бир баланын колунда уюлдук телефон бар. Ата-энелердин көзөмөлү жогунан балдар телефондон терс маалыматтарды алышып, ар кандай жаман жоруктарды үйрөнүшөт. Андыктан, көзөмөлсүз маалымат жаш балдардын жаман жолго түшүп кетүүсүнө өз таасирин тийгизүүдө. Жана сиз жогоруда айткан он беш жашар бала андай жаман жоруктарды кайдан үйрөндү дейсиз? Албетте, ириде социалдык түйүндөрдүн тийгизген терс таасири.


- Мындай төбө чачты тик тургузган окуялардын түбүн каза келсең алардын же ата-энеси миграцияга кетип, бала же чоң ата-чоң энесинин, же туугандарынын колунда калган болуп чыгат. Трагедиянын тамыры миграцияга да байланыштуу эмеспи?


- Ал жагы да бар. Бирок, ата-энеси миграцияда жүрөбү, же ушул эле жерде болобу, жанагындай окуялар балдарга тийешелүү деңгээлде көңүл бурулбагандыгынын кесепети. Президентибиз баш болуп, баардык бийлик бутактары миграция маселесин чечкенге аракет кылып жатабыз. Ишканалар ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Бирок, ошондо деле ата-энелер эртеден кечке жумушта да. Балдар биздин көзөмөлүбүздөн чыгып, көчөнүн таасирине кирип кетпесин десек, аларга убакыт таап, көбүрөөк чогуу болууга тийишпиз. Биз бул ишти бала бакчаданбы, мектептен баштайбызбы, балдарга тарбиялык сабактарды өтүп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды үйрөтүшүбүз керек. Күн сайын кулагына куюп, мээсине сиңирсек, ошондо “бул менден улуу, аны урматташым керек, бул кыз, аны сыйлашым керек” деген аң-сезим жаралат да.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн