Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Исмаилова БУУнун координатору менен пандемиянын кесепеттерин жоюуну талкуулады

08.04.2020 17:15
929
Аида Исмаилова БУУнун координатору менен пандемиянын кесепеттерин жоюуну талкуулады


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУнун тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова менен эл аралык уюмдардын демилгеси боюнча жолугушту, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматынан.

 

Вице-премьер-министр белгилегендей, өкмөт тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча бардык тийиштүү күч-аракеттер көрүлүүдө.

 

Өз кезегинде Озонниа Ожиело кыргыз тарапка аталган иш-аракеттерде толугу менен колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.


«Биз Кыргызстанга, өзгөчө мамлекет кыйын кырдаалда турган мезгилде бардык тийиштүү көмөктөрдү берүүгө даярбыз. Учурда өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун иши жандандырылды жана кызматташтыктын сегиз артыкчылыктуу багыттары аныкталган», - деп кошумчалады ал.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү Назира Артыкова коронавирус инфекциясын дарылоо жана дартты аныктоо жаатындагы ДСУнун сунуштамаларын берди.

 

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык чараларды талкуулады.

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова эл аралык уюмдарга кызматташтыгы жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн