Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аида Исмаилова COVID-19 боюнча эксперттер менен жолугушту (сүрөт)

17.07.2020 16:08
1146
Аида Исмаилова COVID-19 боюнча эксперттер менен жолугушту (сүрөт)

 

Вице-премьер-министри Аида Исмаилова COVID-19 вирусунун адам организмине тийгизген таасири маселеси боюнча саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Жолугушуунун катышуучулары коронавирус инфекциясынын адам организмине тийгизген таасиринин патоморфологиялык тастыкмалары, диагноз коюу, дарылоонун клиникалык аспектилери маселелерин талкуулаган.

 

Патоморфологиялык иликтөөлөр менен биргеликте оорунун патогенези жана клиникалык  окуялардын сүрөттөмөлөрү тууралуу акыркы эл аралык маалыматтарды эске алуу менен учурдагы клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынган.

 

Белгилесек, мурда Эл аралык ооруларды классификациялоо-10 (МКБ-10) боюнча “Ооруканадан тышкаркы пневмония J-18” (өпкө оорусун чакыруучу зат аныкталбаган) деп кодификацияланган окуялар лабораториялык жактан тастыкталбаган (ПЧР жыйынтыгы терс, же жасалбаган), бирок клиникалык белгилери бар жана рентген аркылуу тастыкталган коронавирустук инфекция катары саналат.

 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр кабыл алынды:

 

- Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 дарылоо боюнча учурдагы клиникалык жетекчиликти жана дарылоо протоколдорун үзгүлтүкүсүз жана ыкчам түрдө кайрадан карап туруусу;


- COVID-19 дарылоо боюнча клиникалык жетекчиликти жана дарылоо протоколдорун практикалык саламаттык сактоодо ишке киргизүү ишин күчтөндүрүүсү, ар кыл тармактагы дарыгерлерди коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо ыкмаларына окутуусу;


- клиницисттердин кеңири чөйрөсү үчүн онлайн-конференция өткөрүүсү тапшырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн