Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аида Исмаилова: Эпидемиологиялык абалда волонтерлордун көмөгү зарыл

25.06.2020 15:53
1054
Аида Исмаилова: Эпидемиологиялык абалда волонтерлордун көмөгү зарыл


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдөгү волонтердук кыймылды координациялоонун бирдиктүү механизмин түзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге волонтердук кыймылдын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери катышты.

 

«COVID-19 пандемиясынын биринчи толкуну учурунда волонтердук кыймылдар жарандарга гуманитардык көмөк көрсөтүүдө олуттуу роль ойноду. Буга катар республикада волонтердук кыймылдын бирдиктүү координациясы жок. Бүгүн биз волонтердук кыймылдын ордун жана ролун, аталган кыймыл үчүн мыйзамдык базаны түзүүнүн максаттуулугун талкуулоону пландаштыруудабыз. Өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абалга байланыштуу волонтерлордун көмөгү зарыл», - деди Аида Исмаилова.

 

Өз кезегинде Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлү Бермет Усубалиева Кыргызстанда волонтердук кыймылды өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунуштады. «Бүгүнкү күнгө дейре биз мамлекеттик органдар менен биргеликте ар кыл багыттагы волонтерлорду окутуу жана даярдоо иши менен алектенип келдик. Алардын арасында өз тажрыйбаларын пайдаланып, мамлекеттик масштабдагы бир катар иш-чараларга катышкандары да бар», - деди ал.

 

Жолугушуунун соңунда волонтердук кыймылды активдештирүү маселесин талкуулоо боюнча кеңири форматтагы жолугушууну уюштуруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин муктаждыгына жараша саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлерге колдон келген көмөгүн көрсөтө алуучу волонтерлордун тизмеси сунушталмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн