Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Кореянын Импортчулар ассоциациясынын (KOIMA) 54 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер инистригинен билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө ассоциациянын төрагасы Ким Бён Кван Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн элчи Аида Исмаиловага KOIMAнын сыйлыгын тапшырды.
Белгилей кетсек, тараптардын активдүү өз ара аракеттенүүсү маанилүү демилгелердин ишке ашуусуна шарт түздү. Ушул жылдын октябрь айында Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин иштеп чыгуусу менен Кореянын Импортчулар ассоциациясынын төрагасы Ким Бён Квандын жетекчилиги астында Кыргызстанга корей импортчуларынын иш сапары уюштурулган.
Сапардын алкагында "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен биргеликте бизнес-форум өткөрүлүп, корей импортчулары менен кыргыз экспортчуларынын ортосунда В2В жолугушуулары өткөн.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 2-декабрында президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында "Кыргыз Экспорт" борбору менен Кореянын Импортчулар ассоциациясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул документ экспорт жана импорт чөйрөсүндөгү өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүү үчүн негиз түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн