Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аида Исмаилова: Коронавирустун жайылуу чынжырын үзүп, толук жеңип чыгуубуз керек

05.08.2020 15:11
1016
Аида Исмаилова: Коронавирустун жайылуу чынжырын үзүп, толук жеңип чыгуубуз керек



Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан бир катар стационарларга барып, Чүй аймактык ооруканасынын жана Токмоктогу №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы, ошондой эле медициналык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышты.



Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вицени коштоп өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев жана россиялык дарыгерлер жүрүштү.



Токмок шаардык №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында 216 орундуу көп тармактуу оорукана үчүн оңдоо-куруу иштери жүрүүдө, ал муктаж болгон учурда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн багытталат. Россиялык медициналык кызматкерлер объектти реконструкциялоодо тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларынын сакталышы боюнча өз сунуштамаларын беришти.



Аида Исмаилова Чүй аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлери менен жолугушуп, жамаатка жеке коргонуу каражаттарын, респиратор жана маскаларды тапшырды. Вице-премьер-министр өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен эмгек кылган медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ага жараша COVID-19 илдетине чалдыккан оорулуулардын жана андан курман болгондордун санын азайтууга мүмкүн болгондугун белгиледи. 



«Учурда оору жугузуп алгандардын саны азайып жаткандыгын байкоого болот, ага карабастан, ар-бирибиз талап кылынган санитардык эрежелерди так сактоону улантуубуз керек. Андай болбосо, оорулуулардын саны кайрадан көбөйүп, мамлекеттин, дарыгерлердин жана волонтерлордун ооруга каршы күрөшүү боюнча күч-аракетин жокко чыгаруусу ыктымал. Биз коронавирус инфекциясынын жайылуу чынжырчасын үзүп, вирусту толугу менен жеңип чыгуубуз керек», - деди ал.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн