Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Аида Исмаилова ШКУнун Салттуу медицина боюнча форумуна катышты

31.07.2020 14:38
950
Аида Исмаилова ШКУнун Салттуу медицина боюнча форумуна катышты


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Шанхай кызматташтык уюмунун Салттуу медицина боюнча «COVID-19 эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштө салттуу медицинанын уникалдуу ролу» темасына арналган видеоконференция форматында өткөн форумунун ишине катышты.


Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан бардык жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди аткаруу менен катар ШКУ алкагындагы кызматташтыкты тышкы саясаттын келечектүү багыттарынын бири катары карайт.


"Дүйнөдө болуп жаткан жалпы тенденцияны эске алуу менен уюм алкагында саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен катар гуманитардык өз ара аракеттешүү, тактап айтканда, саламаттык сактоо жаатында ишти активдештирүү зарыл.


Бул багытта жигердүү кадам катары ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы адамзатка чакырык таштаган коронавирус пандемиясына каршы күч-аракетин бириктирүү болуп саналат. Ушул татаал учурда биз ШКУ Хартиясында бекитилген ШКУ негизги принциптеринин кыйшаюусуз аткарылышын, мүчө-мамлекеттердин Уюмдун негизги максаттарын жана принциптерин жактоосун көрсөтүп, өз ара колдоо көрсөтүүбүз керек. Биз коомдук саламаттык сактоо багытында тыгыз кызматташып, эпидемия коркунучтарына каршы биргелешип күрөшүүбүз зарыл", - деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.


Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылар кеңешинин XIX кеңешмесинин жүрүшүндө жетишилген саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу консенсусту ишке ашыруу, ошондой эле калктын ден соолугун коргоону жакшыртуу, өзгөчө COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө саламаттык сактоо деңгээлин жогорулатууда ШКУ өлкөлөрүнүн салттуу медицинасынын жетишкендиктерин аныктоо максатында өтүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн