Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аида Исмаилова Түштүк Кореяда жаңы шайланган президенттин инаугурациясына катышты

11.05.2022 12:37
814
Аида Исмаилова Түштүк Кореяда жаңы шайланган президенттин инаугурациясына катышты

10-майда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёлдун инаугурация аземине катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Инаугурация аземи Кореянын Улуттук ассамблеясынын (парламентинин) алдындагы аянтта “Корея Республикасы кайрадан! Жарандардын жаңы өлкөсү!” урааны астында өттү.


Иш-чарага 41 миңге жакын адам катышты. Алардын ичинде Кореянын экс-президенттери Мун Чжэ Ин менен Пак Кын Хе, Кореядан жана чет өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктор, Улуттук ассамблеянын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Сеулда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, түштүк кореялык ири компаниялардын жетекчилери, коомдук, саясий жана маданий ишмерлер, ошондой эле атайын чакыруу алган карапайым жарандар бар.


Инаугурация аземинен кийин ардактуу коноктор жана дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн расмий кабыл алуу мааракеси уюштурулду.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн