Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аида Исмаилова Түштүк Кореянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

27.04.2022 15:00
979
Аида Исмаилова Түштүк Кореянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

26-апрелде Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын президенти Мун Чжэ Инге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


«Чонг Ва Де» сарайында ишеним грамотасын тапшыруунун протоколдук аземинен кийин салтанаттын катышуучуларынын президент Мун Чжэ Ин менен биргелешкен жолугушуусу болуп, анда кыргыз-түштүк кореялык кызматташуу маселелери да талкууланды.


Президент Мун Чжэ Ин А.Исмаилованы Кыргызстандын Кореядагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кыргыз-корей кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча алдыдагы жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.


Өз кезегинде, элчи Кореянын президенти Мун Чжэ Инге Кыргызстандын президенти С.Жапаровдун атынан ысык саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.


А.Исмаилова быйыл Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын баса белгиледи. Бул жылдар аралыгында тараптар саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдап, азыркы этапта эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине чыгуу зарылчылыгы келип чыкканын айтты. Кыргызстан Түштүк Корея менен мындан аркы ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык экендигин белгилеп кетти.


 Э


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн