Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Аида Исмаилова “Жаштык” спорт комплексинин айланасындагы чуу тууралуу кеңешме өткөрдү

02.06.2020 20:09
1462
Аида Исмаилова “Жаштык” спорт комплексинин айланасындагы чуу тууралуу кеңешме өткөрдү


Аида Исмаилова Жаштык Мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Жаштык” спорт комплексинде машыккан 4 жаштан 15 жашка чейинки 300гө жакын баланын ата-энелери жана алардын машыктыруучулары көркөм гимнастика жана акробатика менен машыгуучу залды тартып алып коюшкандыгын айтышкан. Мындан мурда бир катар ЖМКларда “Жаштыктын” машыгуучу залынын тегерегинде чыккан конфликттик абал тууралуу маалымат чыккан.


Кеңешменин жүрүшүндө балдардын физикалык, акыл, руханий, адеп-ахлак жана социалдык жактан ырааттуу жана ар тараптуу калыптануусун жогору коюу иретинде алардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси талкууланган.


Вице-премьер-министр Өкмөттүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө түзүлгөн кырдаал боюнча толук талдоо жүргүзүүнү, “Жаштык” Дирекциясынын мындан аркы функциясы боюнча конкреттүү сунуштарды берүүнү тапшырган.


Мындан тышкары, Аида Исмаилова өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринде дене тарбия жана спорт боюнча класстан тышкаркы ишти өнүктүрүүгө багытталган программаны иштеп чыгуу тапшырмасын койгон.


Кеңешмеге билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров, Өкмөттүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева, “Жаштык” Дирекциясында машыккан балдардын ата-энелери жана алардын машыктыруучулары катышкан. Ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү да чакырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн