Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аида Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктары токтотулгандыктан айлык маянасынан баш тартты

25.08.2020 17:32
1017
Аида Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктары токтотулгандыктан айлык маянасынан баш тартты


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктары токтотулушуна байланыштуу айлык маянасынан баш тартты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Мындан мурда премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Аида Исмаилова тарабынан вице-премьер-министр кызматтык ыйгарым укуктарын шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулушу тууралуу буйрукка кол койгон. 


Аталган мыйзамдын 21-беренесинини 3-пунктуна ылайык, талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү саналат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн