Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аида Исмаилова өпкөсү кагынгандарды дарылоо стационарларына жабдыктарды тапшырды (фото)

16.07.2020 10:11
1133
Аида Исмаилова өпкөсү кагынгандарды дарылоо стационарларына жабдыктарды тапшырды (фото)

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы өпкөсү кагынган бейтаптар үчүн стационарлардын иши менен таанышты, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

 

Вице-премьер-министр Ш.Салымбеков атындагы медреседе жайгашкан күнү-түнү иш алып барган стационардын медициналык кызматкерлери менен жолугушту жана аларга 2 мобилдик кычкылтек концентраторун, 150 даана жеке коргонуу каражаттарын, респираторлорду, бир жолку көз айнектерди жана кол каптарды берди.   

 

Аида Исмаилова медиктерге жана волонтёрлорго кайрылып, өкмөттүн атынан COVID-19 пандемиясынын жайылышы шартында көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

«Бүгүн биз мында оорулууларды дарылоо шарты менен жеринде таанышып, медиктердин жана волонтёрлордун пикирин угуп, кандай маселелер жаралып жаткандыгы жана аларга кандай көмөк керек экендигин билүү максатында келип отурабыз», - деди ал.

 

Андан соң вице-премьер-министр борбордогу «Газпром» Дене-тарбия чыңдоо комплексинин жана 7-кичи районундагы ДСК имаратынын базасында жайгашкан стационарларга барып, алардын ар-бирине 150 даанадан жеке коргонуу каражаттарын, респираторлорду, бир жолку коргоочу көз айнектерди жана кол каптарды өткөрүп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн