Аида Исмаилованын ордуна ким мандат алары белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде БШК расмий тастыктады.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр болгон Аида Исмаилованын ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Аккулу Бердиев келет.
Маалыматтарга караганда 54 жаштагы Алай районунун тургуну Бердиев ишкерлик менен алектенет. Анын Ошто күйүүчү май саткан жайлары бар экени белгилүү.
Эскерте кетсек, буга чейин “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине ишенимдүү булактар Аида Исмаилованын ордуна аталган партиядан тизме боюнча Аккулу Бердиев мандат аларын кабарлаган эле.
Пикирлер (3)