Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аида Касымалиев: Президент Айзаданын өлүмү боюнча реакция жасашы керек

08.04.2021 12:38
1445
Аида Касымалиев: Президент Айзаданын өлүмү боюнча реакция жасашы керек

 Президент Айзаданын өлүмү боюнча реакция жасашы керек. Мындай пикирин вице-спикер Аида Касымалиева билдирди. 


Анын айтымында, мындай трагедиялуу кылмыштар болуп жатканда президент да, премьер-министр да көңүл бурушу керек.


"Жумушумдан кетпейм, биз ал балдар менен байланышканбыз" деп калп айтпай, ички иштер министри бул жерге келип жооп бериши керек. Мен эртең менен эле президенттен да, премьер-министрден да бул окуяга реакциясын күткөм. Жогорку Кеңеште Баш мыйзам каралып жатканда же шайлоого байланыштуу мыйзам каралып жатканда баарыбыз залга толо келебиз. Бирок адам өлүп жатканда көңүлкош мамиле. Парламент бул ишти көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгуу керек. Айзаданын апасы кайсы бөлүмгө кайрылган, алар кандай иш алып барган, мунун баарын текшерүү керек. Милиция иштебей жатат, коомчулукта аларга нааразылык күчөдү",- деди Касымалиева.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Куба Тажибаев
Касымалиева абдан туура пикир айтты. Калган депутаттар страустай кумга башын салып ун катышпайт. Азамат Аида бугункунун кыз Сайкалы