Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди катуу сынга алды.
Эл өкүлүнүн айтымында, Бейшеналиев саламаттыкты сактоо тармагын толугу менен кыйратты.
"Бизге "кызыл зонада" иштеген медиктер компенсация алыш үчүн вирус жуктуруш керек депжазып жатат. Эмне дарыгерлерге вирус жукса, анан айлык алыш керекпи? Министр өзү жок. Вакцина алдым дейт, кайра ооруп калдым дейт, уу коргошун дары дейт. Бул өзү кандай министр?",- деди Касымалиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн