Кулжа 17, 2024
Убакыт: 11:49
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Аида Касымалиева “Аталык Өзгөн” май заводунун иши менен таанышты

29.05.2020 15:27
946
Аида Касымалиева “Аталык Өзгөн” май заводунун иши менен таанышты


Пандемия учурунда “Аталык Өзгөн” май заводу ички базарга өсүмдүк майын чыгаруу ишин жандантты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Ош облусуна болгон иш сапарында билдирди.


Маалыматка ылайык, Касымалиева иш сапары учурунда Өзгөн районундагы “Аталык Өзгөн” май заводунун иши менен таанышкан. Анда өлкөдө майга болгон дефицит жаралып завод өндүрүмдүн көлөмүн көбөйткөн.


Анын айтымында, заводдон чыккан майлардын жарымы Бахмал айылында өндүрүлүп Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарына жиберилет. Ал эми калган жарымы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына таркатылат.


Мындан тышкары, өсүмдүк майын өлкөдөгү ири соода дүкөндөрүнө киргизүү үчүн сүйлөшүлөр жүрүп жатканын билдирген.


“Аталык Өзгөн” май заводу 2018-жылы ишке кирген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Уларбек кызы Мээрим
добуш берем