Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аида Касымалиева: Атайын эсепке түшкөн акчанын 38,5 млн сому дарыгерлерге берилет

04.04.2020 12:09
1859
Аида Касымалиева: Атайын эсепке түшкөн акчанын 38,5 млн сому дарыгерлерге берилет


Жогорку Кеңештин вице-спикери, Коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн элден топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева акыркы кырдаал боюнча маалымат берди. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө комиссиянын курамына жарандык коомдун мүчөлөрүнөн көбүрөөк кирип жатканын, баары акыйкат болушу керектигин билдирген. Төмөндө анын билдирүүсүн сунуш кылабыз.


- Эсепке түшкөн акчалай жардам жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия ишин баштап жатканда эң башкысы ишеним жарата турган курам жана комиссиянын ачык иштеши деп башынан эле айткам. Жарандык коомдон да көбүрөөк киргени жатат. Мен Назгуль Турдубекова да чыкпаса деген ойдомун. Калып, курамды кеңейтип, ачык, акыйкат иштеп, акырына жеткирүү керек жумушту.



 Азыр эң башкы маселе - дарыгерлердин абалы, коопсуздугу! Аларга кошумча акча бөлүп берүү боюнча чечимге добуш бергенбиз комиссия мүчөлөлөрү! Бирок айлык, кошумча акча албай жатканын, жумушка жетүү үчүн буска күнүнө 40 сомдон төлөп жаткандардын жер-жерлерден жазып, айтып жатышат. Биз эсептен 38,5 млн сом коронавируска каршы иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча акча деп чечим чыгарганбыз. Ал канчалык тез арада которулат, колго тиет? Анын баарын көзөмөлдөйбүз. Сиздерден да жардам керек. Комиссиянын жаңы курамы боюнча жана башка чечимдер боюнча да жазып турам. Саламатта болуңуздар!

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кожоева Идан
УРМАТТУУ АИДА КАСЫМАЛИЕВА! БАШТАГАН ИШИНЕРДИ ИЙГИЛИКТЕР КОШТОСУН!!! БИЗДЕ КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛГА ЖАРАША ЖАКШЫ ЖАРДАМДАР СУНУШТАР КЕНИРИ ЖАРЫЯЛАНЫП. ИШ ЖУЗУНДО АТКАРЫЛБАЙ,БАШКА ЖОЛДОР М.Н ЖОГОЛУП КЕТКЕНИ ОКУНУЧТУУ... ОШОНДУКТАН КОММИССИЯГА КОЗ КАРАНДЫСЫЗ Жарандык коомдук уюмдардан кошсонор жакшы болмок. ОШ ШААРЫНЫН ,,ЖААЧЫЛАР"-ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР КООМУНУ КОШУУНАРДЫ СУРАНАМЫН.