Бугу 08, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

25.03.2022 17:56
439
Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

24-мартта Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин башчысы Лю Чжэньминдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы экономикалык, экологиялык жана социалдык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты, дүйнөдөгү учурдагы саясий кырдаал жана анын Борбордук Азия регионуна тийгизген таасири боюнча пикир алмашты.


Мындан тышкары, туруктуу өкүл Аида Касымалиева БУУнун алкагындагы демилгелер, атап айтканда, климаттын өзгөрүшү жана тоо күн тартиби боюнча маалымат берди.


Жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн