Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аида Касымалиева Борбордук Азия аял-лидерлеринин диалогунун алкагында өткөн консультацияга катышты

25.02.2021 08:41
745
Аида Касымалиева Борбордук Азия аял-лидерлеринин диалогунун алкагында өткөн консультацияга катышты

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева видеоконференция форматында өткөн Борбордук Азия аял-лидерлеринин диалогунун алкагында өткөн консультацияга катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн өкүлдөрү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчилери катышты.


Консультациянын жүрүшүндө анын катышуучулары БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 65-сессиясына даярдык маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге, алар аялдардын Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөдөгү ролу, аялдардын мамлекеттик жана коомдук иштерге катышуусу жаатында пикир алышты. Андан тышкары, гендердик теӊчиликти камсыз кылуу, аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо тууралуу да сөз жүрдү.


Депутат Аида Касымалиева конференцияда сүйлөгөн сөзүндө баарыдан мурда аялдардын саясий, экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө зарылдыгын айтып, Кыргызстанда аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуусун кеӊейтүү, алардын мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү жүрүмүндөгү ыйгарым укуктарын кеӊейтүү жаатындагы жетишкендиктерге токтолду. Ал азыр Кыргызстанда аялдар үчүн ар айылдык кеӊеште 30дан кем эмес мандат бөлүнө турганын баса белгиледи.


«Азыркы учурда аялдар кыргыз парламентинин 30 пайызын түзөт. Мындан ары дагы гендердик теӊчиликти сактоо максатында, жаӊы Конститутция долбоорунун алкагында Жогорку Кеӊешке 30 пайыздуу «гендердик квотаны» киргизүү аракеттери жасалууда», - деп, депутат гендердик теӊчиликти камсыздоо Кыргызстандын саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп санала турганын айтты.


Белгилей кетсек, БУУ Борбордук Азия аял-лидерлери менен бирдикте өткөн жылы жаӊы планформаны – саясий, экономикалык, социалдык чөйрөдө аялдарга колдоо көрсөтүү үчүн Борбордук Азия аял-лидерлеринин тобун түзүү демилгесин сунуштаган. Алардын мындай пикир алышуусу саясий, экономикалык, социалдык тармактарда аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүгө, иш-чарага муундар ортосундагы байланышты чыӊдоого, диалогдордун жүрүмүнө жаштарды тартууга өбөлгө түзөт. Ошентип, Борбордук Азия аял-лидерлеринин диалогу жалпы аймактык аял-лидерлердин түйүнүн түзүп, аймакты өнүктүрүүгө жана коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн