Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 21:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Аида Касымалиева: “Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдарынын ортосунда 20 млн долларга келишим түзүлдү”

01.10.2021 16:08
1204
Аида Касымалиева: “Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдарынын ортосунда 20 млн долларга келишим түзүлдү”


28-30-сентябрда Борбордук Азия лидер айымдарынын диалогунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкер айымдарынын ортосунда кооперациялык биржа онлайн режимде, В2В форматында өттү.


Бул иш-чара Борбордук Азия лидер-айымдарынын Диалогунун Катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары, БА лидер айымдар Диалогунун мүчөсү Аида Касымалиеванын колдоосу жана катышуусу менен, ошондой эле “Борбордук Азия аялдар Лигасы”  Женская Лига Центральной Азии коомдук фондусунун,  Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын жана ПРООНдун Өзбекстандагы Өкүлчүлүгүнүн  колдоосунда   уюштурулду.


Кооперациялык биржа өткөн үч күн бою  ишкер айымдар - Кыргызстандын өкүлдөрү, ар түрдүү тармактардын лидерлери анын ишине активдүү катышышты. Аида Касымалиева   Кооперациялык биржа  быйыл 20-23-сентябрда Бишкекте өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан  ишкер айымдары диалогу”  эл аралык бизнес - форумунун уландысы экендигин белгиледи. Форумдун ишине  Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатанын Төрайымы Танзила Нарбаева, башка расмий кишилер, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын  ишкер айымдары катышкан.


Аида Касымалиева  эл аралык бизнес -форум жана кооперациялык биржа  түз байланыштарды орнотуу жана кызматташтыкты, ишкер өнөктөштүктү жөнгө салуу үчүн уюштурулганын кошумчалады: ”Алсак, бул жолугушуулардын   жүрүшүндө жетишилген  макулдашуулардын алкагында  эки өлкөнүн  ишкер айымдарынын ортосунда  жалпы суммасы 20 млн.доллардан көбүрөөк келишимдер түзүлдү”, - деди Төраганын орун басары.


Анын айтымында, келишимдер  туризм, өнөр жай, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, айыл чарбасы, искусство, кол өнөрчүлүк жана инновациялык технологиялар сыяктуу ишкерликтин келечектүү багыттары боюнча түзүлгөн.


“Мындай аянтчалар  аялдардын  экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн  кеӊейтүү,  эки тараптуу да, регионалдык форматта да ишкер байланыштарды  колдоо жана өнүктүрүү үчүн  эӊ сонун аянтча болуп саналат”,-деп жыйынтыктады А.Касымалиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн