Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Аида Касымалиева Наталья Герман менен айымдарды ар тараптан колдоону талкуулады

31.03.2021 19:46
762
Аида Касымалиева Наталья Герман менен айымдарды ар тараптан колдоону талкуулады


Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын Атайын өкүлү, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугуп, аялдарды колдоо, лидер айымдардын потенциалын жогорулатуу, өлкөдөгү социалдык, саясий абалды жөнгө салууда БУУнун жардамын, мыйзамдуулукту камсыздоо, шайлоолордун таза жана ачык өтүшүн талкуулаганын билдирди.


Анын айтымында, 11-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештерди шайлоодо айым талапкерлер үчүн 30 пайыздык квота же резервация колдонулат. Лидер айымдардын жергиликтүү кеңештердин курамында көбүрөөк болушу элет жеринин турмушун бир кыйла жакшыртат, социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине шарт түзөт. 


Мындан сырткары Наталья Герман айым менен күтүлүп жаткан мыйзамдарды инвентаризация жараянына эксперттик жардамды, ачык жана инклюзивдүү аянтчалардын түзүлүшүн талкуулаганы маалым болду. 


Баса белгилей кетчү нерсе, аялдарды жана балдарды колдоодо 2020-жылы Жогорку Кеңештин спикеринин колдоосу менен Гендердик Кеңеш түзүлүп, азыр бул аянтча активдүү иш алып бара баштаган. 


Мисалы, жакында эле Борбордук Азиядагы лидер айымдарды бириктирген Диалог аянтчасы түзүлгөн. Кыргызстан да эл аралык, регионалдык, жергиликтүү өнөктөштөр менен чогуу аялдарды саясатта, экономикада, социалдык жактан, илимде колдоо жагынан демилгелерди көтөрүп, долбоорлорду даярдоодо. 


"Негизгиси, кийинки парламентте да аялдар, жаштар квотасы сакталышы керек", - деди Касымалиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн