Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аида Касымалиева Шайлообек Атазовду жеке маселеси үчүн трибунаны колдонбоого чакырды

09.12.2021 14:18
452
Аида Касымалиева Шайлообек Атазовду жеке маселеси үчүн трибунаны колдонбоого чакырды

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кайрадан Нурбек Алимбековго болгон нааразылыктарын билдирди.


"Президентибиз мамлекетте тазаланууну баштады. Бардык кадрлар, депутаттар таза кол болгула деди. Нурбек Алимбековдун 10 жылдан бери депутаттык ишмердүүлүгү жөнүндө так маалыматтар тиешелүү органдарга келип түшкөн. Ага март айында иш козголушу керек болчу. Алимбеков түшкө чейин депутат, түштөн кийин коммерсант", - деди Шайлообек Атазов.


Буга байланыштуу вице-спикер Аида Касымалиева Шайлообек Атазовду жеке маселеси үчүн трубнаны колдонбоого чакырды.


Шайлообек Атазов 28-ноябрда өткөн шайлоолода Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып, шайлоодо Нурбек Алимбековдон жеңилип калган. Андан кийин аны каралаган маалымат таратып жатканын Нурбек Алимбеков айтып чыккан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн